Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Кара кыргыз автаномиялуу облусунун 100 жылдыгына жана 12 –декабрь Улуттук адабият күнүнө “Адабият – маданияттын очогу” аталышындагы III Республикалык көркөм окуу багыты боюнча онлайн конкурсу жөнүндө
ЖОБОСУ
Конкурстун максаты:
– жаш адабият сүйүүчүлөрдү колдоо, жаштарды китеп окууга жана чыгармачылыкка үндөө, шык берүү. Адабият сүйүүчүлөрдүн мыкты коомун түзүү;
– бүткүл дүйнөлүк жана кыргыз классикалык чыгармаларды (кийинки муунга жеткирүү, пропагандалоо) , мекенчил болууга, өз элин жерин сүйүүгө үндөө;
– акындардын, жазуучулардын, драматургтардын адабий чыгармаларын окутуу, тарыхты билүүгө багыттоо;
– жаштардын сүйлөө маданиятына көңүл бөлүп, ой-жүгүртүүсү жана сөз байлыгы кенен жаштарды тарбиялоо, жалпы билим берүүчү мекемелер менен тажыйрба алмашуу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө.
Негизги талаптар:
– катышуучунун актердук чеберчилиги, көркөм окуудагы артикуляциялык дикциясы болуу керек;
– конкурска бардык билим берүүчү мекемелер катыша алышат (орто жана жогорку окуу жайлар);
– 25 жашка чейинки жеке жактар да катыша алат.
Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү тартиби: Конкурс онлайн форматта интернет булактары аркылуу (инстаграм, фейсбук) эки багыт менен өткөрүлөт.
1-багыт – дүйнөлүк классикага айланган акындардын поэзиялык ырларынан көркөм окуу;
2-багыт – дүйнөлүк адабий прозалык чыгармалардан үзүндү же монолог көркөм айтуу;
1.1. Конкурстун I-туру: билим берүү тармагындагы орто жана жогорку окуу жайлары өздөрүнүн окуу жайында офлайн форматта тандоо өткөрөт.
1.2. II-туру: окуу жайдан тандалып алынган жеңүүчүнүн видеосун, биздин ватсап жана телеграм каналга жиберүүү шарт.
1.3. Конкурска катышуучулар баракчага видеонун алдына аты-жөнүн, окуу жайдын аталышын, классын, курсун жана окуткан окутуучунун аты-жөнүн, байланыш телефонун жазуусу керек.
1.4. Конкурска 6-жаштан 25 жашка чейинки жаш өзгөчөлүктө тандалып, жыйынтыгы 12-декабрда чыгарылат.
Конкурстун жүрүшү 2024-жылдын 10-ноябрынан 9-декабрга чейин болуп, жыйынтыгы 12-декабрь аныкталат.
Конкурстун калыстар тобу
– номинацияларды белгилөө менен жеңүүчүлөрдү аныктайт жана сыйлыктарды жиберүүнү уюштурат;
– уюштуруу тобу 7 адамдан турган калыстар тобун түзөт. Калыстар тобунун курамына көп жылдык тажрыйбасы бар профессордук-окучуучулар кирет;
– калыстар тобунун төрагасын калыстар тобунун курамы шайлайт;
– катышуучунун актердук чеберчилигине, көркөм окуудагы артикуляциясына дикциясына баа берет.
Номинациялар:
1.1. “Эң мыкты поэзия айтуучу” номинациясы
1-орунду ээлегендиги үчүн I даражадагы диплом менен сыйланат.
2-орунду ээлегендиги үчүн II даражадагы диплом менен сыйланат.
3-орунду ээлегендиги үчүн III даражадагы диплом менен сыйланат.
1.2. “Эң мыкты монолог айтуучу” номинациясы
1-орунду ээлегендиги үчүн I даражадагы диплом менен сыйланат.
2-орунду ээлегендиги үчүн II даражадагы диплом менен сыйланат.
3-орунду ээлегендиги үчүн III даражадагы диплом менен сыйланат.
Конкурска катышкан жалпы катышуучуларга жана мугалимдерине, ыраазычылык каттар, сертификаттар жиберилет.
Уюштуруу тобу : Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, театр факультетинин режиссура жана актер чеберчилиги, сахна кеби кафедралары.
Сурап билүү үчүн байланыш тел. 0709-42-92-03, 0700186392, 0705272935. Сахна кеби кафедрасынын улук окутуучусу К.Т.Макеева