Абитуриентам

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы  Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети 2024-2025-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө кабыл алууну жарыялайт.
Искусство факультети:
  • Хор дирижеру, педагог: Музыкага шыктуулугун жана  ырдоо  жөндөмүн текшерүү, коллоквиум;
  • Оркестр дирижеру, педагог: Музыкалык жөндөмүн текшерүү, музыкалык аспапта ойноо, коллоквиум;
  • Фольклордук-этнографиялык ансамблдин солисти, педагог: кыргыз элдик аспаптарда ойноо, ырдоо, эпос, дастан жана айтыштардан үзүндү аткаруу ж.б.;
  • Эстрадалык оркестрдин жетекчиси, педагог: Музыкага шыктуулугун, жөндөмүн текшерүү жана музыкалык аспапта ойноо;
  • Эстрадалык ансамблдин жетекчиси, солист-педагог: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү. (Түрдүү жанрдагы эки-үч ыр аткаруу);
  • Музыка мугалими: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү.
Атайын орто музыкалык билими бар:  хор дирижеру, оркестр дирижеру, фольклордук-этнографиялык ансамблдин солисти, музыка  мугалими, эстрадалык оркестрдин жетекчиси, эстрадалык  ансамблдин солисти бөлүмүнө кирүүчүлөр,   дирижёрлук кылуу, музыка теориясы жана сольфеджио боюнча экзамендерди  тапшырышат.

 

Театр факультети
  • Драма актеру, педагог: үнүн жана сүйлөө чеберчилигин текшерүү, адабий чыгармалардан үзүндү окуу, музыкалык-ритмикалык шыктуулугун текшерүү;
  • Драмалык режиссер, педагог: практикалык режиссура, пьесага талдоо жүргүзүү, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү;
  • Театр таануучу, педагог: пьсага анализ жүргүзүү, коллоквиум.
Кино жана телекөрсөтүү факультети
  • Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссёру, педагог: сценарий жазуу, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү; коллоквиум
  • Кино жана телекөрсөтүү оператору, педагог: фото-сүрөттөр боюнча конкурс; фоторепортаж, физика жана химия боюнча ангемелешүү.
  • Үн режиссёру, педагог: (Кино ж-а ТВ ) адистиги боюнча коллоквиум, музыкалык жөндөмдүүлүгүн текшерүү; физика боюнча ангемелешүү;
  • Кино актеру, педагог;
  • Оюндук-кино жана телефильмдин режиссёру, педагог: сценарий жазуу, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү; коллоквиум
  • Кино таануучу, педагог;
  • Адабий чыгармачылык (киносценарист), педагог;
Хореография жана маданий ишмердик факультети:
  • Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери: социалдык-маданий ишти уюштуруу (жазуу түрүндө), адистиги боюнча коллоквиум (оозеки);
  • Хореографиялык коллективинин менеджери, педагог: аткаруучулук чеберчилик (классикалык, элдик-сахналык, тарыхый-турмуш бийлери), коллоквиум;
  • Хореография педагогу.
  • Музей иши жана эстеликтерди коргоо
Бардык абитуриенттер адистиги боюнча экзамендерден сырткары кыргыз же орус тилинен  бланкалык тест тапшырышат.
            Университетке тапшыруучу  абитуриенттерден  жалпы  республикалык  тесттин сертификаты  ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ.
      Абитуриенттер мамлекеттик бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.
Алыс жактан келген студенттер жатакана менен камсыздалат.
Документтер 2024-ж. 8-июлдан 31-июлга чейин кабыл алынат, кирүү  экзамендери  2024- ж. 1-августта башталат.
(Министрликтин макулдашуусу менен)
Талап кылынуучу  документтер:
  1. Орто же атайын орто билими жөнүндө аттестат же диплом  (түп нускасы);
  2. Медициналык справка (0-86 У формасы);
  3. 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  4. Паспорт, аскердик китепче  же каттоо  күбөлүгүн  көрсөтөт;
  5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
(эмгек стажы барлар үчүн).
Дареги:  Бишкек ш.,  Жантөшев көчөсү 113.
(Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилишинде)
Тел: 312 57-03-79,WhatsApp + (996) 701 113 057, + (996) 709 78 94 26;Instagram: @ kguki_kg

 

Полезная информация

Автоматизированная информационная система «Абитуриент Online» создана в целях:

Обеспечения иностранных абитуриентов возможностью подачи заявления на участие в конкурсе на зачисление в вузы КР в электронной форме;

Ознакомление, выбор вуза и специальности, а также для обеспечения обратной связи;

Создания централизованного учета подаваемых заявлений для участия в конкурсе, путем автоматизации процессов сбора, а также формирования рейтинговых списков абитуриентов.

  1. Документ о среднем или среднем специальном образовании (подлинник);
  2. 8 фотокарточек 3х4;
  3. Паспорт, военный билет (приписное свидетельство) предъявляются лично;
  4. Выписка из трудовой книжки (для имеющих стаж работы).

подписан договор с Кыргызской Республикой на государственном уровне, для этого вы должны сдавать общереспубликанское тестирование (ОРТ), всю информации найдете по адресу https://2020.edu.gov.kg/vuz

Оригиналы документов Вы обязаны представить в начале учебного года.

Детали

Как с Вами связаться?

contact@kguki.kg

contact@kguki.kg

Телефоны

Тел: + (996) 312-57-92-70; + (996) 500-70-85-61

Адрес:

г. Бишкек ул. Жантошева 113, 303 кабинет (Пересекает ул. Жукеева-Пудовкина)