Факультет театра

Эсенбаева Сайрагул Осмоновна

Эсенбаева Сайрагул Осмоновна

Декан
Театр факультети

1970-жылы 14-декабрда Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. 1989-1993-жылдары Москва шаарындагы М. С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын «Театр жана кино актёру» факультетин чеберчилиги адистигин артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Ошол жылдан баштап, Бишкек шаардык А. Умуралиев атындагы драма театрында, 2000-жылдан КРнын эл артисти Ж. Сейдакматованын жетекчилиги астында "Тунгуч" эксперименталдык жаштар театрында, 2009-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Кыргыз мамлекеттик, улуттук Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында эмгектенип келген. Театр факультетинин деканы кызматын 2023-жылдан бери аркалап келет. докторлору, кандидаттары жана чыгармачыл ишмерлер эмгектенишет.

Профессордук-окутуучулук жамаат

0
Штаттагы окутуучулар
0
Айкалыштырып иштегендер
Режиссура жана актер чеберчилиги кафедрасынын башчысы
Сахна кеби кафедрасыны
Урматбеков Чынасыл Урматбекович - 1992-жылы 22-декабрда Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев атында төрөлгөн. 2010-2015-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун Театр факультетинин “Режиссура жана актер чеберчилиги” кафедрасынын драма актеру адистигин артыкчылык менен бүтүргөн.
         Ошол жылы  эмгек жолун Жалал-Абад областтык Барпы Алыкулов атындагы драма театрында баштаган. 2018-2020-Улуттук маданий борборунда, 2021-2023-М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайда директордун орун басары кызматында эмгектенген.
Макеева Кундуз Турдубековна 1975-жылы 1-майда Ысык-көл областына караштуу Жети-өгүз районунун  Барскоон айлында жарык дүйнөгө келген. 
Орто мектепти 1992-жылы аяктаган. 1996-1999-ж Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы орто окуу жайдын «Ырдоо» бөлүмүн аяктаган. 2000-2005-ж Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Театр жана кино» факултетинин «Актердук чеберчилик» бөлүмүн бүтүргөн.
2004-2014-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында, 2007-жылдан бери ушул учурга чейин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик  маданият жана искусство университетинде «Режиссура жана актердук» чеберчилик кафедрасында  “Сахнада сүйлөө жана көркөм окуу” сабагы боюнча окутуучу болуп иштеп келет.
Театр факультетинин Режиссура жана актердук чеберчилик кафедрасы 1993-жылдын  1-декабрында ачылган. Ошондон тартып жогорку квалификациядагы режиссерлорду, актёрлорду даярдоо боюнча иш алып барат.
Инстаграм: @teatrduinosu
Электрондук почта: Akter.kg@inbox.ru
Декан: 0702-821-011,  0775-344-115
 
Кафедра өзүнүн ишин тастыктаган программанын негизинде окуу-методикалык, илимий-изилдөөчүлүк, тарбиялык жана чыгармачылык иштерин жүзөгө ашыруу менен  төмөнкү адистиктерди даярдап чыгарат.
-драма театр жана кино  актеру, педагог;
-драмалык театр режиссеру, педагог;
-куурчак театрынын актёру, педагог;
-театр таануучу, педагог.
Драма актеру, педагог – Баардык театр оюн-зоок мекемелеринде эмгектенген мыкты актер актрисалар биздин окуу жайдан билим алып, театр, кино, алып баруучулук тармагына опол тоодой салым кошуп келишет.  
Драма режиссеру, педагог – Окуу жайдан тарбияланып чыккан режиссерлор кино, театр тармагында, драмалык ар түрдүү жанрдагы спектаклдерди сахналаштырып, көркөм тасмаларды тартып, үзүрлүү эмгектенип, маданиятка эбегейсиз салым кошуп келишүүдө.
Театр таануучу, педагог – Театр сынчысы деген адистикке баардык театр оюн-зоок мекемелери абдан муктаж болгондугуна байланыштуу 2020-жылы ачылган. Бул багытта театр сыны гана эмес, пьеса жазганды да өздөштүрүп кетүүгө болот. 
Куурчак актеру, педагог – Бул адистиги 2016-жылы ачылган. Өзгөчө чеберчиликти талап кылган бул жанр акыркы убактарда көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, жаш жеткинчектерди тарбиялоодо өтө зор салым кошуп келүүдо. Окуу жайдан бүткөн адистер куурчак теарында жана өз алдынча театр ачып иштешүүдө. 
   Кафедраны алгачкы жолу искусство таануу илиминин  кандидаты, КР нын маданиятына эмгек сиңирген ишмери,
профессор Ж.А.Молдобаев, андан соң КР нын маданиятына эмгек  сиңирген ишмер, профессор А.Исабеков, андан соң К.Э.Эсеналиев,
кийин Ж.Искендерова, К .Т. Макеева  ал эми учурда
кафедра башчы болуп Ч.У.Урматбеков  жетектеп келет.
Кафедра  уюштурулгандан тартып анын окутуучулук курамы жогорку квалификациялуу адистер менен толукталган.
Алар: КРнын баатыры, кыргыз эл жазуучусу профессор Б.Жакиев, КР нын эл артисти  профессор, Г.Дуулатова, С.Далбаев, Д.Байдөбөтөв, З.Сооронбаев, А.Мамбетов, А.Сарлыкбеков,А.Абдыкалыков,А.Набиева, Т.Сманбеков,
КР нын эмгек сиңирген артисти С.Сазаев, ошондой эле КР нын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери, профессор, доценттер М.Шаршенбаев, Б.Абдылдаев, Б.Абдылдаев, А.Бегалиев, А.Жапаров, КР нын искусствосуна эмгек сиңирген ишмерлери, профессорлор Ж.Абдыкалыков, С.Асанбеков, Э.Эркимбаева, сыяктуу көрүнүктүү ишмерлер иштешкен.
Жогоруда аталган инсандардын кадр даярдоодо улуттук маданиятка кошкон салымдары баа жеткис. Азыркы күндө кафедранын окутуучу курамы төмөндөгүдөй: КР Эл артисттери, эл жазуучулары, профессорлору, доценттери Т.Бообекова, Э.Бекболиев, К.Сейдалиева,Э.Чалабаев, М.Мамбетов, Ж.Кулмамбетов, Н.Абдыкадыров.
КРнын эмгек сиңирген артистери, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, доценттери, ,
А.Текешов А.Турдалиева, С.Карыбаев,  Э.Асанкулова, Н.Мендибаиров, С.Интина, И.Калмуратов,
Улук окутуучулар жана окутуучулар:
С.Эсенбаева, К.Макеева, Ш.Дыйканбаев, А.Имашова, Д.Кусейинова, Э.Эгембердиев,
Ж.Искендерова, Т.Сыдыков, Л.Молдалиева, В.Кочкорбаева жана көптөгөн жаш окутуучулар иштешет.
Кафедранын курамы сан жагынан өсүп жыл сайын кеңейтилүүдө.