Молдобеков Адилет Келишбекович

Молдобеков Адилет Келишбекович

Факультеттин деканы: окутуучу
Телефон: +996 706455066 E: mail: moldobekov1988@mail.ru
“Кино жана Телекөрсөтүү” факультети

“Кино жана Телекөрсөтүү” факультети - окуу жайдагы эң жаш факультет. 2014-жылга чейин «Театр жана кино» факультетинин курамында болуп, кийин 2015-2018-жыл аралыгында «Телекоммуникация» - деп аталган. 2018-жылы Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнин Окумуштуулар кеңеши жана ректораттын чечими менен «Кино жана телекөрсөтүү» факультети - деп аталып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Факультетте жогорку квалификациялуу кино жана телекөрсөтүү жаатында тажрыйбасы мол илимий-педагогикалык кадрлар эмгектенишет. Факультет 3 кафедраны камтыйт.

    • Кино кафедрасы  Адистиги:
    570015 Режиссер
    570027 Адабий чыгармачылык,
     570005 Кино таануу
          Квалификация:
     Көркөм фильм жана телефильмдин режиссеру, педагог 
    Киносценарист, драматург, педагог Кино таануучу
    • Кинооператор чеберчилиги кафедрасы
           Адистиги: 570005 Кинооператор чеберчилиги
           Квалификация: Кино жана телекөрсөтүү оператору, педагог
     
    • Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссерлугу кафедрасы
    Адистиги: 570015 Режиссер
                       570013 кино жана телекөрсөтүү үн режиссеру
    Квалификация: Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссеру, педагог
                                 Кино жана телекөрсөтүү үн режиссеру,педагог
     
          Факультеттин окуу формасы: күндүзгү жана сырттан окуу
          Окуу мөөнөтү:  күндүзгү (5 жыл)
                                       сырттан окуу (6 жыл)
     

Профессордук-окутуучулук курам

0
Штаттагы окутуучулар
0
Айкалыштырып иштегендер
Кино кафедрасы
“Кинооператор чеберчилиги” кафедрасы
Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссерлугу кафедрасы
Кафедра башчысы: окутуучу Турумбеков Жодарбек Аруунович Кино кафедрасы 1993 - жылы Кыргызстан кинематографистер союзунун демилгеси менен  Б.Бейшеналиева атындагы искусство институнун базасында түзүлгөн. Кафедранын түптөлүшүнө кинорежиссер, профессор Акматалиев Каридин Сартбаевичтин эмгеги чоң. Мамлекеттик окуу стандарттын негизинде “Көркөм фильм жана телефильмдин режиссеру, педагог”, “Адабий чыгармачылык (киносценарист), педагог”, “Кино таануучу, педагог” адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрүн даярдайт. Профессордук-окутуучулук курамында КРнын эл артисттер, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер,билимге эмгек сиңирген ишмерлер, кыргыз киносунун отличниктери, профессор, доценттер эмгектенишет.
Кафедра башчысы: маданиятка эмгек сиңирген ишмер, окутуучу Айдаралиев Бекболот Рысбекович 1993 - жылы  кинооператор чеберчилиги боюнча алгач  өнөркана ачылган. Ал эми 2014-жылы «Телекоммуникация» факультети түзүлгөндөн бери өз алдынча кафедра болуп ишмердуулугун жургузуп келет. Мамлекеттик окуу стандарттынын негизинде «Кино жана телекөрсөтүү оператору, педагог» багытында КРнын аймагында жана коңшулаш Республикалар үчүн кесипкөй бүтүрүүчүлөрдү даярдап келет.
Кафедра башчысы: окутуучу Дамир кызы Гулнара   Кафедра 2006-жылы ачылган. Анын түптөлүшүнө КРнын эл артисти, профессор Молдосейит Мамбетакуновдун эмгеги чоң. Азыркы тапта кафедра Республиканын бардык аймактары үчүн режиссер, үн режиссеру, дизайнер, монтаждоочу адистерди даярдап, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жаатында жогорку квалификациялуу тажрыйбасы мол, илимий- педагогикалык кадрлар эмгектенишет.  

Кино жана Телекөрсөтүү  факультетинин кафедра башчылары

    Аты жөнү

Кызматы

Электрондук  адрес

Телефон

1

Айдаралиев Бекболот Рысбекович

“Кинооператор чеберчилиги” кафедрасынын башчысы

    ra. bekbolot@gmail.com

+996700400 612

2

Турумбеков Жодарбек Аруунович

«Кино» кафедрасынын башчысы

zhodarbekturumbekov@gmail.com

 

+996707458890

3

Дамир кызы Гулнара   

“Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссерлугу”  кафедрасынын башчысы

     Gulnara_1993@bk.ru

+996 999210493