Студенттик өзүн-өзү башкаруу структурасы

    Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студент-жаштарынын өзүн-өзү башкаруу структурасы – Студентик кеңеш болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү» жөнүндөгү указынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына, КММИУнун уставына , тарбия концепциясына жана башка нормативдик укуктук актыларга, 2014-жылдын 16-октябры № 601″ Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясына таянып иш алып баруу, студенттик кеңеш мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет.
   2023-жылдын декабрында студенттик кеңештин төрагасы жана студенттик акыйкатчы тууралуу атайын жобо иштелип чыгып, структура жетекчилери шайланды
Орозова Нурай

Орозова Нурай

Кыздар кеңешинин төрайымы
Жанболотов Дастан

Жанболотов Дастан

Студенттик кеңештин төрагасы
Рахматилла уулу Актилек

Рахматилла уулу Актилек

Студенттик акыйкатчы
Орозобекова Нестан

Орозобекова Нестан

Студенттик кеңештин окуу-маданий, уюштуруу иштери боюнча орун басары
Шейшеналиева Амина

Шейшеналиева Амина

Студенттик кеңештин төрагасынын сырткы байланыштар боюнча орун басары
Болотбек уулу Аскат

Болотбек уулу Аскат

Студенттик кеңештин төрагасынын ден соолук жана спорт боюнча орун басар
Ашыракунова Венера

Ашыракунова Венера

Студенттик кеңештин төрагасынын жатакана боюнча орун басары

Факультеттердин студенттик кеңешинин төрагалары

Озоробекова Нестан

Хореография жана маданий ишмердик факультетинин студенттик кеңешинин төрагасы

Шейшеналиева Амина

Искусство факультетинин студенттик кеңешинин төрагасы

Болотбек уулу Аскат

Театр факультетинин студенттик кеңешинин төрагасы

Ашыракунова Венера

Кино жана телекөрсөтүү студенттик кеңешинин төрагасы
“Алтын нур” эл аспаптар ансамбли
“Сонун” эстрадалык тобу
“Асман легенда” көлөкө театры

“Алтын нур” эл аспаптар ансамбли
“Сонун” эстрадалык тобу
“ Асман легенда” көлөкө театры

Ансамблдин негиздөөчүсү жана дирижеру Нурпейил Самарбекова

2016-жылы түзүлгөн.
Курамында 22 студент бар. Оркестр дирижерлөө бөлүмүмүнүн сутеденттеринен куралган топ. Көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү, эл аралык конкурстардын катышуучусу. Ансамбль Кыргыз обондорун, күүлөрүн чертүү менен дүйнө элдерине белгилүү болгон кинофильмдердин, сериалдардын саунтректерин ойноп элге таанылган.

“Сонун” эстарадалык тобу дээрлик 20 жылдан ашуун убакыттан бери окуу жайда иш алып барат. Негиздөөчүсү КММИУнун эстара кафедрасынын башчысы Токтогулов Адбиталип Кочкорович.

Көптөгөн республикалык, эл аралык фестивалдардын, конкурстардын катышуучусу, бир катар сыйлыктардын ээси. Өлкө ичинде аталган топ өздөрүнүнү концерттерин уюштуруп турат.

Жетекчиси  КР эмгек сиңирген артисти , доцент Турдалиева Асель Алымкуловна

Бубусара Бейшеналиева атындагы КММИУнун 3 - курсунун куурчак театры адистигинин студенттеринен куралган:
Арашан уулу Канай
⁠Бейшенова Кайрыл
⁠Камчыбек кызы Дилбара
Мамыркулов Абдукарим
⁠Оболбекова Акылай
⁠Эркинбек уулу Чолпонбай

Борбор шаардагы бала бакчаларга, мектептерге жана майрамдык салтанаттарда куурчак жана көлөкө театр коюлумдарын, спектаклдерди коюп, оюн-зоок  уюштурушат. Окуу жайда алган билимин практикада бекемдешет.

“Жети муун” этно-фольклордук ансамбли
“Эргүү” адабий ийрими
Чыгармачыл ыктыярчылар тобу

Түзүүчүсү – Исмаилбек уулу Акылбек
2021-жылы түзүлгөн.
8 аспапчы, 2 солисттен турган ансамбль.
Уулуттук кылдуу, үйлөмө жана урма аспаптарды чертишет, фольклордук, элдик ырларды, обон-күүлөрдү аткарышат. Республикалык сынактарга, фестивалдарга катышкан. Бир нече сыйлыктардын ээси.

Түзүүчүсү жана жетекчиси КММИУнун сахна кеби кафедрасынын башчысы Макеева Кундуз Турдубековна

Ийрим, проза, поэзия, драматургияга кызыккан студенттерди чогултуп, “Жаш талант”  журналын негиздеген. Жунал  2015-жылы чыгып, атайын сынакттардын негизинде ырлар жарыяланган. 2016-2017-жылдары жарыкка чыккан.

Учурда ийримдин мүчөлөрү шаардык, республикалык адабий-чыгармачылык кечелерде ыр окуп, композицяиаларды аткарып келет.

Негиздөөчүсү жана жетекчиси КММИУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Келдибекова Нурзат Келдибековна.

2017-жылы түзүлгөн.

КММИУнун соуиалдык-маданий ишмердик адистигин студенттеринен куралган. Окуу жайдагы, өлкөдөгү ар түрдүү маданий иш чараларды уюштурат, республикалык салтанаттарда ыктыярчы катары ишмердүүлүк жүргүзөт. Ошондой эле кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, карылар, балдар үйлөрүнө барып кабар алып трурат. Бул топтун негизги максаты -  жаштар арасында кайрымдуулукту, мекенчилдикти пропагандалоо, уюштуруу иштерине активдүү катышуу. Учурда аталган топтун 6 мүчөсү бар.