Келдибекова Нурзат Келдибековна

Келдибекова Нурзат Келдибековна

Практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Телефон:+ 996709789426 keldibekova2017@mail.ru

«Практика жана карьера бөлүмү» искусство университетиндеги адистиктердеги практикаларды уюштуруу, өткөрүү жана көзөмөлдөө функцияларын аткарат.

Бөлүмдүн негизги милдеттери

  • Окуу жайдагы адистиктердеги окуу-методикалык, уюштуруу-методикалык, диплом алдындагы практикалардын өтүшүнө жалпы жетекчилик кылат жана өндүрүштүк практика боюнча жобону  жана башка укуктук-ченемдик иш-кагаздарды иштеп чыгат.
  • Өндүрүштүк практика студенттердин теориялык окутуу процессинде алган билимдерин бекемдөө жана тереңдетүү, үйрөнүп жаткан адистик боюнча зарыл көндүмдөргө, практикалык тажрыйбага ээ болуу максатын көздөйт.
  • Бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштырууга көмөктөшөт. Анализ, мониторинг жүргүзүү менен бүтүрүүчүлөр базасын түзөт.
  • Практика өтүүчү мамлекеттик жана жеке менчик маданий мекемелер жана башка мекемелер менен келишим түзөт.
  • Бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди өз убагында  так аткарат.

Практиканын багыттары

Практика багыты

Курсу

Мөөнөтү

Окуу-методикалык

3

1-марттан 15-мартка чейин

Уюштуруу — методикалык

4

1-марттан 4-апрелге чейин

Диплом алдындагы практика

5

1-марттан 4-апрелге чейин

        Студенттердин өндүрүштүк-педагогикалык практикасы 3-5-курстарда «Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун практикасын өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун негизинде жүзөгө ашырылат. Студенттер маданият мекемелеринде, театрларда, киностудияларда, телевидения, радио, жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде, маданият жана эс алуу борборлорунда практикадан өтүшөт.

     Акыркы 3 жылда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде жалпы 661 бүтүрүүчү аяктаган.

Азыркы мезгилде бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстандагы төмөнкү маданий мекемелерде эмгектенишет.
·         КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.
·         Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы.
·         А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры
·         А. Изибаев атындагы Кыргыз Улуттук цирки.
·         Кыргыз улуттук “Манас”театры.
·         Шаардык, облустук, райондук театрлар.
·         Райондук маданият бөлүмдөр.
·         Айыл аймактардагы клуб тибиндеги маданий мекемелер.
·         Жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде.
·         Музыкалык балдар искусство мектептери.
·         Маданият жана эстетикалык борборлордо.