Аспирантура жана магистратура бөлүмү
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети – Республиканын маданият жана искусство мекемелери үчүн жогорку квалификациялуу жана ар тараптуу билимдүү адистерди даярдоонун алдыңкы борборуна айланган республикадагы биринчи музыкалык-чыгармачылык жогорку окуу жайы.
Аспирантура жана магистратура бөлүмү университетте жогорку квалификациялуу илимий, педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо үчүн 2024-жылдын 2-сентябрында ректордун 2024-жылдын 30-августундагы №156-кб буйругу менен (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы №5429/1 (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечими, 2023-жылдын 2-ноябрындагы №14-8 протоколу) ачылган түзүм болуп эсептелет.
Аспирантура жана магистратура бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону пландаштыруу жана уюштуруу, илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн тиешелүү тармагында өз алдынча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү адистертерди даярдоо.
Бөлүм төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат:
Аспирантура – окуу мөөнөтү 3 жыл;
Магистратура – окуу мөөнөтү 2 жыл.
Аспирантура
Аспирантура ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү системасында жогорку квалификациялуу илимий, педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоонун негизги формасы болуп саналат.
Аспирантуранын максаттары
Жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону пландаштыруу жана уюштуруу;
Аспиранттарды даярдоонун жеке пландарынын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө;
Илимий, педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында университеттин кафедралары менен өз ара аракеттенүү;
Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында алдыңкы окуу жана илимий борборлор менен кесипкөй байланыштарды өнүктүрүү;
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү тармагында аймактык жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Аспирантурада кайсы адистиктер бар?
00.02 – Музыкалык искусство
00.01 – Маданияттын тарыхы жана теориясы
Окуу мөөнөтү 3 жыл.
Аспирантурага кимдер тапшыра алат?
Аспирантурага конкурстук негизде адистик же магистрдик диплом менен ырасталган жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат.
Чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөдө билим алгандар КММИУнун аспирантурасына кабыл алынат, (эгерде компетенттүү органдар белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде алган билиминин Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билимине эквиваленттүүлүгүн тааныса).
Мурда аспирантуранын толук курсун бүтүргөн адамдар кайрадан аспирантурага кирүүгө укугу жок.
Аспирантурага тапшыруучу адамдар сунушталган илимий жетекчиси менен алдын ала аңгемелешүүдөн өтүшөт, ал аңгемелешүүнүн жыйынтыктыгы жөнүндө кабыл алуу комиссиясына маалымдайт.
Керектүү документтердин тизмеси
Аспирантурага кабыл алуу жөнүндөгү арыз КММИУнун ректорунун наамына төмөндөгү документтерди тиркөө менен берилет:
жогорку кесиптик билими жөнүндө адистин же магистрдик дипломдун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн)
алардын билими тууралуу документтеринин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк;
жарыяланган илимий иштердин, ойлоп табуулардын тизмеси (бар болсо);
эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
отличниктерге мамлекеттик аттестациялык комиссиянын сунуштары (бар болсо);
кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
паспорттун көчүрмөсү;
кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3х4 өлчөмүндөгү 3 сүрөт;
тандаган адистиги боюнча реферат.