Б.Бейшеналиева атындагы КММИИУ төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
— орто кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иш;
— биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана алардын натыйжаларын окуу процессине жана кесиптик билим берүүнүн практикасына, ошондой эле мектеп жана мектепке чейинки билим берүү практикасына киргизүү;
— педагогикалык маалымат алмашуу жана билим берүү ишин усулдук камсыздоодо бири-бирине жардам көрсөтүү;
— илимий иштерди жана окуу материалдарын карап чыгуу;
— окуу-усулдук иштерди аткарууда адистерди алмашуу;
— экинчи Тараптын билим берүү уюмунда Тараптардын биринин студенттери аяктаган дисциплиналарды жана модулдарды таануу шарттарында академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө кызматташуу;
— маданий-спорттук иш-чараларды жана чыгармачылык эс алууну биргелешип уюштуруу.
Б.Бейшеналиева КММИУ башка дагы бир нече уюмдар менен да ийгиликтүү кызматташып келет:
УТРК, ЭлТР, 7-канал, ошондой эле республиканын көптөгөн аймактык телерадиоберүү компаниялары менен;
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Улуттук музейи, “Бүтүмдөрдү жана интеллектуалдык менчик объектилерин кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү (IPCHAIN);
«Кыргызфильм», КР МТРКдагы «Кыргызтелефильмдер», үн жаздыруучу студиялар ж.б.
«Кыргызфильм», КР МТРКдагы «Кыргызтелефильмдер», үн жаздыруучу студиялар ж.б.
Эл аралык берүүчүлөр жана уюмдар менен;
Хабар, Казакстан, Казакфильм;
Өзбекстан Республикасынын Кинематография агенттиги.