Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун илимий китепканасы
Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин илимий китепканасы 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун негизинде түзүлгөн. Китепкана окуу жайдын структуралык бөлүмү болгондуктан, илимий, окуу-жардамчы, маалыматтык жана тарбиялык бөлүмдөргө бөлүнөт. Китепкана руханий жана интеллектуалдык баарлашуучу, студенттер менен жогорку окуу жайдын персоналын илимий-теориялык (ЖОЖдун профили боюнча), окуу-усулдук, ноталык, коомдук-саясий, ата мекендик жана чет элдик көркөм адабияттар, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу, студенттердин илимий изилдөө иштерин өткөрүүдөгү билим таратуучу борбору болуп эсептелет.
Китепкана фонду
Китепкананын китеп фонду бүгүнкү күндө 58.000 даананы түзөт.
Китеп фондунун түзүмүн: илимий, окуу көркөм адабияттар, кыргыз жана орус тилдеринде бардык тармактагы китептер, анын ичинен искусство тармактарына, кино жана театр үчүн жазылган китептер, чет элдик адабияттар, чет элдик басылмалар жана музыкалык адабияттар, музыкалык аспаптарга арналган уникалдуу ноталык чыгармалар, авторефераттар, энциклопедиялык жана маалымдама басылмалар түзөт.
Китепкананын бөлүмдөрү
Китепкана: китептерди белгилүү бир мөөнөткө берүүчү абонемент, тиешелүү адабияттарды ордунан окуп колдонуу үчүн окуу залы жана библиографиялык бөлүмдөн турат. Китепкананын окуу залында жаңы алынган адабияттардын, даталуу жана айрыкча маанилүү күндөргө арналган көргөзмөлөрү уюштурулуп турат.
Биздин китепкананын структурасы:
Комплектөө бөлүмү жана адабияттарды, каталогдорду иштеп чыгуу.
Китептерди сактоо жана тейлөө
-Университеттин окуу залы;
– Экинчи корпустагы (киностудияда) окуу залы;
– Ноталык абонемент жана музыкалык адабияттардын атайын абонементи;
– Жалпы абонемент.
– Жатаканадагы окуу залы
Китепкананын жамааты 5 адамдан турат:
Белекова Г.З. – китепкананын башчысы;
Исакова А.Ж. – китепкананын нота бөлүмүнүн китепканачысы;
Самиева Ш.Т.– көркөм адабияттар бөлүмүнүн китепканачысы;
Сурапбаева Г.Р. – жатаканадагы окуу залынын китепканачысы.
Байчубакова У.К.– Киностудия окуу залынын китепканачысы