Бүгүн, 9-декабрда Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда кино жана телеберүү факультети тарабынан уюштурулган “Көркөм публицистиканын массалык маалымат каражаттарындагы ээлеген орду” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган иш чарага Бишкек шаарындагы окуу жайларынын журналистика факультеттеринин декандары, мамлекеттик жана жеке телеканалдардын директорлору жана КММИУнун окуутуучулары, студенттери катышты.
Жыйындын алгачкы бөлүгүндө конокторго сөз берилип, анда азыркы журналисттика эмнеге муктаж, окуу жайлар жана телеканалдар кантип тыгыз иштеше алат, компотенттүү кадрларды даярдоодо эмнелерди эске алуу зарыл деген сыяктуу бир нече суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында окуу жайлар жана телеканалдар ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлуп, буга чейинки жасалган иштерди алдыда дагы өркүндөтүү, студенттердин теориялык билимдерин практика жүзүндө ишке ашыруусуна шарт түзүү жөнүндө макулдашылды.