УНИВЕРСИТЕТТИН ПАСПОРТУ
Аталышы | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети |
Кыскача аталышы | КУМИУ |
Түзүлгөн жылы | 1967-жыл(Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1967-жылдын 12-августундагы №7771 токтому менен КМИИ болуп түзүлүп, 1974-жылдын 28-январындагы №21 токтому менен СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын аты ыйгарылган) |
Жетекчилик | Ректор – Колдошов Түмөнбай Рахманович филология илимдеринин кандидаты, профессор. |
Каттоо күбөлүгү, лицензиясы | Каттоо номери: №2023-0073 |
Бөлүмдөр | КУМИУда 5 факультет, 2 бөлүм, 24 кафедра, 10 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук борборлор бар |
Адистиктер жана багыттар | Специалитет – бакалавриат – , магистратура – аспирантура |
Окуу жайдын базасы | 1 окуу имараты1 студенттик жатакана1 Үн жазуучу студия3 Театр факультетинин окуу-машыгуу каанасы2 Хореографиялык каана1 Телестудия3 китепкана, 3 окуу залыОкуу-усулдук каражаттар, музыкалык аспаптар, техникалык каражаттар. |
Жалпы студенттердин контингенти | Студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын жалпы саны 1573. |
Профессордук- окуттуучулук курамдын контингенти | Окуу жайда штатта жалпы 187 кызматкер иштейт.Айкалыштыруу жолу менен … кызматкер эмгектенет.Алардын ичинен 2 илимдин доктору, профессорлор,6 илимдин кандидаты, 7 доцент, 30 доценттин милдетин аткаруучу,13 Кыргыз Республикасынын Эл артисти,1 КРдин Эл жазуучусу,22 КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер,1 КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер,11 КРдин эмгек сиңирген артисти эмгектенет.1 Т.Сатылганов атындагы Мамлекетик сыйлыктын лауреаты |
Сырткы байланыштар | Окуу жай Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Кореядагы Искусство жана маданият окуу жайлары менен тыгыз кызматташат. “ТүркСой” эл аралык уюум менен кызматташтык келишимин түзгөн. |
Илимий изилдөө ишмердүүлүгү | Окуу жайда Музыкалык билим берүү адистиги боюнча магистратура, Культурология, Искусство таануу багыты боюнча аспирантура ачылган.“Искусство жарчысы” илимий журналы чыгат.Илимий китепканаИлимий басмакана |
Чыгармачылык ишмердүүлүк | Окуу жайда окутуучулардын жана студенттердин курамынан турган чыгармачыл топтор иш алып барат: |
Дареги | 723500, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, К.Жантөшов көчөсү — 113 |
Сайты | Kguki.kg |
Электрондук дареги | |
Социалдык тармактарда | Фейсбук: Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ |
Байланыш номерлери | Тел.: +999312 57-03-79, факс: +999312 57-03-79 |
Университеттин миссиясы
Маданият жана искуусство тармагына жөндөмдүү чыгармачыл, таланттуу жана интеллектуалдуу кадрларды даярдоо.
Окуу жайдын негизги стратегиялык максаттары:
Маданият жана искусство чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодо акыркы билим берүү технологияларын иштеп чыгуучу жана колдонуучу заманбап билим берүү моделин түзүп, эл аралык мейкиндикке жол алуу ;
Жаңы чыгармачылык билимдерди жаратуучу жана заманбап искусствонун жогорку технологияларын практикага киргизген чыгармачылык, илимий-методикалык борборго айлануу б.а., билим экспорттоочу, өнөр-санат менен кызмат көрсөтүүчү чоң мекемеге айлануу, инфаструктуралык базаны жаңылоо;
Бардык кыймыл-аракетти электрондук форматка өткөрүү, санариптешкен увиверситетке айлануу;
Профессордук-окутуучулук курамды академиялык шыктандыруу;
Ички жана сырткы мобилдүүлүктү күчөтүү;
Университеттин кыскача тарыхы
Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1967-жылдын 12-августундагы №7771 токтому менен КМИИ болуп түзүлүп, 1974-жылдын 28-январындагы №21 токтому менен СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын аты ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 28-августундагы №470 жарлыгы менен окуу жайдын аталышы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети деген макамга ээ болду.
Университеттин баалуулуктары:
АДАМ РЕСУРСУ – өлкөнүн негизги байлыгы
ЧЫГАРМАЧЫЛ КЕСИПКӨЙ ЖАМААТ – окуу жайдын тиреги
УСТАТТАР – окуу жайдын куту
ЖАШТАР — элибиздин келечеги
РУХАНИЙ МУРАСТАР – мамлекет байлыгы
ИНСАНДЫК МАМИЛЕ – достук, ынтымак, биримдик
МУУНДАР БАЙЛАНЫШЫ – тарых-учур-келечек
УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР – элдик кенч
БИЛИМ+ИЛИМ+ӨНӨР
Университеттин ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери:
Башкаруунун философиясын өзгөртүү;
Университеттин ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулук, демократиялуулук;
Университетти башкарууга жамааттык катышуу;
Социалдык жоопкерчилик;
Жамааттагы ар бир адамга калыстык менен мамиле кылуу;
Өз ара карым-катыш (тармактык, жамааттык карым-катыш);
Ийкемдүү ыңгайлашуу;
Бардык ишмердүүлүктө системалуу ой жүгүртүүнү калыптандыруу;
Университеттин ишмердүүлүгүн гумандаштыруу;
Жетекчилер — жамаатка, окутуучулар — студенттерге, кызматкерлер — университетке ак дилден кызмат кылуусуна жетишүү.
БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ОКУУ ЖАЙДА 4 ФАКУЛЬТЕТ, 1 КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ БОРБОРУ, 15 КАФЕДРА БАР
ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИ
Учурда 519 студент ( бюджет -182, контракт — 145 күндүзгү бөлүмдө — 327, сырттан окуу бөлүмүндө — 192) билим алат.
Даярдалуучу адистиктер:
Хор коллективинин менеджери, педагог;
Оркестр коллективинин менеджери, педагог;
Фольклордук-этнографиялык ансамблдин менеджери, педагог;
Эстрадалык-үйлөмө аспаптар коллективинин менеджери, педагог;
Эстрадалык ансамблдин менеджери, солист, педагог;
Музыка мугалими (бакалавр).
Кафедралар:
1. Хор дирижёрлугу кафедрасы.
2. Оркестр дирижёрлугу кафедрасы
3. Эстрада кафедрасы
4. Салттык музыка жана фольклор кафедрасы.
5. Музыкалык билим берүү кафедрасы
6.Жалпы фортепиано кафедрасы
7. Музыкалык-теоретикалык дисциплиналар кафедрасы
ТЕАТР ФАКУЛЬТЕТИ
Учурда 281 студент (бюджет — 82, контракт — 57, күндүзгү бөлүмүндө -139, сырттан окуу бөлүмүндө — 142) билим алат.
Даярдалуучу адистиктер:
Драмалык театр актёру, педагог;
Кино актёру, педагог
Драмалык режиссер, педагог;
Куурчак театрынын актёру, педагог (сырттан окутуу)
Кафедралар:
1. Режиссура жана актёр чеберчилиги кафедрасы
Сахна кеби кафедрасы
КИНО жана ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ ФАКУЛТЕТИ
Учурда 260 студент (бюджет 112, контракт — 55 күндүзгү бөлүмдө — 167, сырттан окуу бөлүмүндө — 93) билим алат.
Даярдалуучу адистиктер:
Телекөрсөтүү жана радио берүү программаларынын режиссёру, педагог;
Кино жана телекөрсөтүү оператору, педагог;
Кино жана телевидениенин үн режиссёру, педагог;
Оюндук-кино жана телефильмдин режиссёру, педагог
Кафедралар:
Кинооператорлук кафедрасы
Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кафедрасы
Кино кафедрасы
ХОРЕОГРАФИЯ жана СОЦИАЛДЫК ИШМЕРДИК ФАКУЛЬТЕТИ
Учурда 444 студент (бюджет — 80, контракт — 49, күндүзгү бөлүмдө — 129, сырттан окуу бөлүмүндө -315) билим алат.
Даярдалуучу адистиктер:
Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери, педагог;
Хореографиялык коллективинин менеджери, педагог;
Хореография педагогу
Кафедралар:
Хореография кафедрасы
Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы .
Социалдык-маданий ишмердик кафедрасы
КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ БОРБОРУ
Багыттары:
Социалдык-маданий ишмердик;
Хореография;
Музыкалык аткаруучулук (түрлөрү боюнча);
Музыка мугалими;
Кинооператор жана кинорежиссер .
СЫРТКЫ БАЙЛАН ЫШТАР ЖАНА АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
Окуу жай Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Кореядагы Искусство жана маданият окуу жайлары менен тыгыз кызматташат. “Түрк Сой” эл аралык уюум менен кызматташтык келишимин түзгөн.
УТРК, 7-канал, ЭлТР МТРКсы, “Кыргызфильм” мамлекеттик ишканасы, Т.Абдымомунов атындагы КУАДТ, С.Ибраимов атындагы ОУДТ, Кыргыз Улуттук “Манас” театры ж.б. бир топ мекеме-ишканалар менен кызматташат.
Университетте академиялык мобилдүүлүк эки негизги багытта жүргүзүлөт: ички жана сырткы. Студенттерди ички жана чет элдик өнөктөш окуу жайларда окутуу — мобилдүүлүк программаларынын негизиндеги келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. КММИУнун студенттери жана окутуучуларыбыз Россия Федерациясынан, Өзбекстандан практикадан жана окуудан өтүшөт.
КММИУда Улуу Британиядан, Россия Федерациясынан, Казакстандан, Өзбекстандан, Кытай Эл Республикасынан келип окуган студенттер бар.
СТУДЕНТТИК ЖАШОО, АЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРУУ
Студенттик өзүн-өзү башкаруу сртурктурасы түзүлгөн. 2023-жылдын декабрында студенттик кеңештин төрагасы жана студенттик акыйкатчы шайланды.
Студенттик өзүн-өзү башкаруу структурасы төмөндөгүдөй түзүлгөн:
Студенттик кеңештин төрагасы;
Студенттик кеңештин окуу-маданий уюштуруу иштери боюнча орун басары;
Студенттик кеңештин төрагасынын сырткы байланыштар боюнча орун басары
Студенттик кеңештин төрагасынын ден соолук жана спорт боюнча орун басары
Студенттик кеңештин төрагасынын жатакана боюнча орун басары
Окуу жайда студенттик чыгармачылыкты өнүктүрүү жана аларды шыктандыруу максатында бир топ ийримдер, чыгармачыл топтор иш алып барат:
“Алтын нур” эл аспаптар ансамбли;
КММИУнун студенттик эл аспаптар оркестри;
“Сонун” эстрадалык тобу;
“Жети муун” фльклордук ансамбльи
“Эргүү” адабий ийрими;
“Чын Айт” адабий ийрими;
КММИУнун чыгармачыл ыктыярчылар тобу;
Студенттерди шыктандыруу максатында окуу жайда бир катар стипендиялар, сыйлыктар ыйгарылып турат:
Н.Давлесов атындагы стипендия
Өзбек Абдылдаев атындагы атуулдук стипендия
Жанузак Молдобаев атындагы сыйлык
ХМИ фааультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн атайын стипендиясы
Фольклор адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүнү стипендиясы.
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗ
Окуу жай 56 жылдан бери миңдеген таланттуу илимпоздорду, өнөрпоздорду тарбиялап, кыргыз маданиятынын, илим-билиминин биздин багыттагы боштуктарын толтуруп келе жатат. Университеттин ардактуу бүтүрүүчүлөрү: 3– СССдин эл артистти; 61– КР эл артистти; 3 – КР эл акыны; 38 – КР эмгек сиңирген артистти; 52 – КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер; 2 – илимдин доктору; 16 – илимдин кандидаты менен сыймыктанып келебиз. Өлкөгө кызмат кылган чыгаан таланттарды биздин университет тарбиялады. Учурда да тарбиялап жатат.
ОКУУ ЖАЙДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ БАГЫТТАР БОЮНЧА МИЛДЕТТЕР
Уюштуруу багыты боюнча милдеттер:
Инновациялык билим берүү жана илимий чөйрөнү калыптандыруу
Университеттин кадрдык потенциалын өнүктүрүү
Педагогикалык кадрлардын компетенцияларын өнүктүрүү
Билим берүүнүн сапатын башкаруу системасын ишке ашыруу
Жогорку окуу жайынын кызматкерлерин сапаттуу ишке тартуу
Тарбиялык жана чыгармачыл иштерди жаңы багытка алып чыгуу
Окутуучу менен студенттин ордосунда гармониялык иш-аракеттериндин натыйжалуужыйынтыгын жаратуу.
Илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү багыты боюнча милдеттер
Университеттин илимий потенциалын жогорулатуу
Илимий изилдөөлөр менен окуу процесстерин интеграциялоо
Атаандаштыктын деңгээлин жогорулатуу жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларына суроо-талапты күчөтүү
Республикада жана чет өлкөлөрдө илимий-педагогикалык байланыштарды жакшыртуу
Маалыматтык базаны жана айлана-чөйрө менен байланышты өнүктүрүү багыты боюнча милеттер
Университеттин бирдиктүү маалыматтык-билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү
Эл аралык кызматташтык багыты боюнча милдеттер
Университеттин эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланышы үчүн реалдуу өбөлгөлөрдү түзүү
Академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү
Билим берүү кызматтарынын экспортунун үлүшүн көбөйтүү
Окуу, социалдык-маданий жана чыгармачылык ишмердикти жакшыртуу багыты боюнча милдеттер
Университетти башкарууда студенттер менен мугалимдердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу;
Чыгармачыл кызматкерлер менен студенттерге стимул жаратуу
Студенттердин социалдык-маданий өнүгүүсү жана жарандык коом интеграциясы багыты боюнча милдеттер
Окуу жана социалдык-маданий иштерди жакшыртуу
Окуучулардын турмушун жана эс алуусун уюштуруу учун академиялык шык берүү
Педагогикалык кадрларды социалдык жактан колдоону жакшыртуу багыты боюнча милдеттер
Социалдык программаны ишке ашыруу
Университеттин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу багыты боюнча милдеттер
Университеттин инфраструктурасын өнүктүрүү, анын иштешин жана коопсуздугун камсыз кылуу, санарип окуу жайга айлануу, материалдык-техникалык базаны жаңылоо.