ЭЛДИК МУЗЫКА ФАКУЛЬТЕТИ
Элдик музыка факультети окуу жай түптөлгөндө 1967-жылы ачылган. Факультеттин окуу иштеринде улуттук баалуулукту, музыкалык аспаптарды жана элдик чыгармаларды үйрөтүүгө басым жасалат. Жогорку квалификациялуу илимий –педагогикалык кадрлар, КРнын Эл артистери, эмгек сиңирген артистери, маданият таануу, билимдин кандидаттары, профессионал чыгармачыл инсандар эмгектенишет. Факультетте үч адистик бар:
оркестр дирижёрлугу;
хор дирижёрлугу;
салттык музыка жана фольклор;
Окуу формасы күндүзгү жана сырттан окуу багытта окутулат. Окуу мөөнөтү күндүзгү окуу бөлүмдө беш жыл, сырттан окуу бөлүмүндө алты жыл.
Факультетте жалпы окутуучулардын саны – 74
Штаттагы окутуучулар – 26;
Айкалыш- 49;
Профессор -2;
Эл артисти – 3;
КРнын эмгек сиңирген артисти – 3;
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери – 3;
Илимдин кандидаты – 1;
Доцент – 10;
Маданияттын мыкты кызматкери — 11
Профессордук-окутуучулук жамаат
0
Штаттагы окутуучулар
0
Айкалыштырып иштегендер
Оркестр дирижёрлугу кафедрасы
Салттык музыка жана фольклор кафедрасы