Жээнбекова Айзат Жээнбековна

Жээнбекова Айзат Жээнбековна

Декан
Телефон: +996 559 597 978 E: mail: aizadaajeenbekovnaa@gmail.com
Хореография-маданий ишмердик факультети

Хореография маданий ишмердик факультети окуу жай түптөлгөндө 1967 –жылы ачылган. Факультетте жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрлар, илимдин докторлору, кандидаттары жана чыгармачыл ишмерлер эмгектенишет.

Хореография  маданий ишмердик факультети   жалпы 3 кафедраны камтыйт:

 

Социалдык — маданий ишмердик кафедрасы:

 

–Хореография кафедрасы:

 

–Социалдык-гуманитардык дисципллиналар кафедрасы:

 

 

Профессордук-окутуучулук жамаат

0
Штаттагы окутуучулар
0
Айкалыштырып иштегендер
Социалдык маданий ишмердик кафедрасы
Хореография кафедрасы
Социалдык-гуманитардык дисципллиналар кафедрасы

Кафедра башчысы:

Түлөбердиев Калыбек Кемелович педагогика илимдеринин кандидаты, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор.

      Социалдык-маданий ишмердиги кафедрасы (мындан ары СМИ) университеттин эң эски кафедрасы болуп саналат, 1967-жылы Маданий-агартуу иштери факультетинин структурасында уюштурулуп, «Маданий-агартуу иштеринин уюштуруучу-методисти» адистин даярдап келген. Кафедра 2001-жылдан бери «Социалдык-маданий ишмердик» жаңы адистигинин алкагында экинчи муундагы мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде «Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери, педагог» бүтүрүүчүлөрүн даярдап келет.

Хореография кафедрасынын башчысы доцент: Сатыбалдиев Эрнис Какинович            Хореография кафедрасы. Б.Бейшеналиева хореографиялык дисциплиналар боюнча адистерди даярдоо зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин коллегиясынын 1992-жылдын 18-майындагы токтому менен ачылган. Бөлүмдүн уюштуруучулары жана түзүүчүлөрү Уразгильдеев Р.Х.- Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан коомдук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүлөрү И.Левченко жана У.Сарбагишев.

Кафедранын башчысы: Сейталиева Нурзада Түгөлбековна. Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы 1967-жылы республиканын маданият системасына өтө керек болгон жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн тейлөөчү - жалпы билим берүүчү теориялык-гуманитардык база катарында иштей баштаган. 2023-жылы кафедрага тилдер жана адабият жана дене тарбия кафедрасы бириктирилген