Эстрада жана музыкалык билим берүү факультети
Эстрада жана музыкалык билим берүү факультети — университеттин мурунку Искусство факультетинен 03.03.2025 Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бөлүнүп чыкты.
Факультетте Жогорку квалификациялуу илимий –педагогикалык кадрлар, КРнын Эл артистери, эмгек сиңирген артистери, маданият таануу, билимдин кандидаттары, профессионал чыгармачыл инсандар эмгектенишет. Факультетте эки адистик бар:
• эстрада (ырчы, аспапчы);
• музыкалык билим берүү (бакалавр);
• музыкалык-теориялиялык жана жалпы фортепиано дисциплиналар;
Факультетте күндүзгү жана сырттан окуу формасы бар. Окуу мөөнөтү күндүзгү бөлүмдө беш жыл, сырттан окуу бөлүмүндө алты жыл.
Факультетте жалпы окутуучулардын саны – 51
Штаттагы мугалимдер – 27
Айкалыш- 24
Профессор -1
Эл артисти – 1
КРнын эмгек сиңирген ишмер – 4
Доцент м.а – 7
Маданияттын мыкты кызматкери — 1
Профессордук-окутуучулук жамаат
0
Штаттагы окутуучулар
0
Айкалыштырып иштегендер
Эстрада кафедрасы
Музыка жана ырдоо кафедрасы (бакалавр)
Музыкалык-теориялык дисциплиналар кафедрасы
Адистиги: 570029 Социалдык-маданий агартуу ишмердиги Квалификация: Эстрадалык топтун менеджери, педагог Кафедра башчысы: доцент Токтогулов Абдумиталип Кочкорович Эстрада музыкасынын “Үйлөмө жана эстрадалык оркестринин менеджери” базалык адистиги сырттан окуу жана күндүзгү окуу формасында 1993-жылы ачылган. Эстрада кафедрасы өз ичинен ырчы жана аспапчы адистерин даярдайт.
Адистиги: 550600 Көркөм билим берүү Квалификация: Музыка мугалими
Кафедра башчысы: Орунбаева Наргиза Темирбековна
Музыка жана ырдоо кафедрасынын тарыхы 1996-жылдан башталат. Кафедра дүйнө таанымы кеңири, музыканы сүйгөн жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт. Кафедранын ачылышына жана өнүгүшүнө КРнын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, профессор Ɵ.А. Абдылдаевдин салымы чоң.
Кафедранын башчысы: маданият таануунун кандидаты Көрпөбаева Мариям Керималиевна Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Искусство факультетине караштуу Музыкалык теориялык дисциплиналар кафедрасы 1993-жылы сентябрь айында, КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, профессор, композитор Роман Владимир Михайлович түптѳгѳн
Эстрада жана факультетинин кафедра башчылары
Аты жөнү | Кызматы | Электрондук адрес | Телефон |
Токтогулов Абдимиталип Кочкорович | Эстрада каф.башчысы | kgukiestrada@mail.ru | 0558131-413 |
Арстанбек уулу Асылбек | Эстрада каф.башчысы | muzyki.kafedra@mail.ru | 0700 598-651 |
Көрпөбаева Мариям Керималиевна | Музыкалык-теориялык жана жалпы фортепиано каф.башчысы | Korpobaeva.maria@mail.ru | 0555 713-071 |