Окумуштуулар кеңеши Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун жалпы жетекчилигин жүзөгө ашыруучу жогорку шайлануучу өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.
Окумуштуулар кеңешинин максаты:
университеттин ишинин учурдагы жана келечектеги багыттарын аныктоо
заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо үчүн университеттин жетекчилигинин, илимий-педагогикалык кызматкерлердин, окуу жана көмөкчү кызматкерлердин күч-аракетин бириктирүү
университеттин окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана тарбиялык иштерин координациялоо
Окумуштуулар кеңешин түзүүнүн тартиби, анын ыйгарым укуктары, жоболору жана компетенциялары «Окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобо» жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Окумуштуулар кеңешинин негизги милдеттери
университеттин структурасын аныктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү
негизги жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча адистерди даярдоонун жаңы багыттарын ачуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу
билим берүү программаларын жана окуу пландарын бекитүү
университетте окуу, илимий жана тарбия иштерин жөнгө салуучу негизги жоболорду бекитүү
ректорду, декандарды жана кафедра башчыларын шайлоонун тартибин жана уюштурууну аныктоо
илимий-педагогикалык кызматкерлерге илимий наамдарды ыйгаруу жана кызмат орундарын ээлөө маселелерин кароо
университеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын жылдык сметасын бекитүү, алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду угуу
университеттин өнүгүү стратегиясын аныктоо, университеттин өндүрүштүк жана социалдык муктаждыктарына бюджеттен тышкаркы жана башка каражаттарды бөлүштүрүү
эл аралык жана университеттер аралык кызматташтык маселелерин чечүү
КГУКИ Б.Бейшеналиевага ардактуу наамдарды ыйгаруу.

          

       

Окумуштуулар кеңешинин жыйынынын протоколу