Кыргыздардын салттуу музыкалык маданияты

Маданият таануу илимдеринин доктору, профессор, музыка таануучу Үметалиева Чынар Темиркул кызы “Традиционная музыкальная культура кыргызов” (“Кыргыздардын салттуу музыкалык маданияты”) аттуу салттуу аспаптык музыкасын (жанрларын жана аспаптарын) изилдөө боюнча китебин Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун илимий китепканасынан белек кылды.
Бул китептен музыкалык жанрлар жана стилдер, ошондой эле дыйканчылык, малчылык жашоо образы менен ажырагыс байланышкан элдик архаикалык аспаптардын тарыхы жана көп түрдүүлүгү тууралуу маалымат алууга болот. Андан сырткары, элдик аспаптардын жасалышынын жана ойноо өзгөчөлүктөрү менен таанышабыз.
Китеп музыкалык окуу жайларынын окутуучуларына жана студенттерине, ошондой эле музыка сүйүүчүлөргө арналат.