Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана жашыл бак- дарактардын аянтын көбөйтүү максатында ишке ашырылып жаткан «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын көчөт отургузуу акциясына Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун студенттери да салым кошушту.
Бул жолу бак тигүү Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Ак-Босого конушунда уюштурулду.
Иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин, Кыргызстан Жаштар Конгрессинин төрагасы Жакшылык Бекназаровдун, аталган конгресстин Бишкек шаары боюнча төрагасы Нурхан Орозбековдун катышуусунда өттү.
Көчөт отургузуп эле тим болбостон, КММИУнун таланттуу студенттери акциянын катышуучуларынын көңүлүн көтөрүү максатында ырдап, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Марат Тагаев (Marat Tagaev) Жакшылык Бекназаров (Jakshylyk Beknazarov) Түмөнбай Колдошов Улукбек Омокеев (Ulukbek Omokeev)
