Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун жатаканада жашаган студенттерине «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөлөрү тарабынан поэзия кечеси уюштурулду. Бул кечеде аталган адабий клубтун мүчөлөрү: Акжол Дооранбек уулу, Садырбек Турдубек уулу, Жыпар Кутпидинова, Жибек Сапар кызы, Канатбек Таалайбеков өз калемине таандык ырларды көркөм окуп, руханий азык тартуулашты. Кече поэзия менен гана чектелбестен айтыш, концерттик номерлер менен коштолду.
Жаңы Толкун Адабий Клубу
