ФЕСТИВАЛДЫН АЛГАЧКЫ КОНОКТОРУ КЕЛДИ

    IX «Жаңы ысымдар» Эл аралык студенттик театр фестивалына катышуу үчүн алгачкы делегация келди!
Орусиянын М.С.Шепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынан келген катышуучударды жана Фестивалда калыстык кылуучу Орусия жогорку театралдык окуу жайынын (ГИТИСтин) театр таануу факультетинин окутуучусу, театр таануучу, театр сынчысы Кострикова Екатерина Сергеевнаны
«Манас» Эл аралык аэропортунан Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун жамааты башында турган уюштуруучулар салтанаттуу тосуп алышты.
“Жаңы ысымдар” IX эл аралык студенттик театр фестивалы 16-19-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт.