Бүгүн, 30-апрелде Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодск айылдык номер 28- Кыргыз-Орус кесиптик лицейинде жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда «Кесип тандоо» аталышындагы жарманке болуп өттү.
Аталган иш-чарага Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун искусство факультетинин (фольклор кафедрасы) 3-курсунун студенти Дюшеева Айдай жана 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Эркин Шейшеналиев катышып, университеттин кесиптик багыттары, ишмердүүлүгү жана жалпы эле окуу жай тууралуу маалымат беришип, маалымат баракчаларын таратып келишти.