Хореография кафедрасы илимий конференция өткөрдү

    Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун хореография жана маданий ишмердик факультетинин, хореография кафедрасы илимий конференция өткөрдү
Мында «Кыргыздардын фольклордук музыкасы жана бийи” / “Кыргыз элинин элдик музыкасы жана бийлери” аталышындагы долбоорлордун бет ачары болуп өттү.
Бул видеосериал 18-20-кылымдагы саякатчылардын эскерүүлөрү, архивдик аудио жана видеоматериалдарга, изилдөөлөргө негизделип иштелип чыккан.
Негизги максат – кыргыз элинин элдик музыка жана хореография жаатындагы материалдык эмес мурастарын азыркы заманда элге тартуулоо жана сактоо.
Кыргыз музыкасы жана хореографиясы жөнүндө уникалдуу тарыхый маалыматтарды жайылтуу максатында видеосериалдар кыргыз, орус жана англис тилдеринде даярдалган.