КММИУНУН МУГАЛИМДЕРИ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

     Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун мугалимдери үчүн жасалма интеллекти колдонуу боюнча курс өтүлүүдө.
Аталган курстан жасалма интеллекттин негиздери жана принциптери, ChatGPT’нин мүмкүнчүлүктөрү, колдонуу ыкмаларын үйрөнүшөт.
     Жасалма интеллектти өздөштүрүү менен билим берүүдө, илимий иш жазууда, изилдөө жүргүзүүдө, жеке суроолорго бат жана оңой жооп табууга мүмкүнчүлүк жаралат.
     Окутуучу, жасалма интеллект боюнча адис: PhD Онлайн Университетинин негиздөөчүсү жана президенти Элира Турдубаева.