Инновациялык идеялар, алардын ишке ашыруу жолдору экономикалык жана социалдык, көйгөйлөр менен жашыл экономиканын чечүү жолдору

       Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУ’нун 4-курсунун студенти Тилек Темирбеков Салымбеков университетинде өткөн “Инновациялык идеялар, алардын ишке ашыруу жолдору экономикалык жана социалдык, көйгөйлөр менен жашыл экономиканын чечүү жолдору” аттуу тегерек столго катышты.
Аталган иш–чарага И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык, Эл аралык инновациялык технологиялар, Салымбеков, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик жана Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча КММИУ’нун студенти Тилек Темирбековдун доклады Кыргызстандын энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө эң мыкты деп табылып, биринчи даражадагы диплом менен сыйланды.