“Түрк дүйнөсү” студенттик спектаклдердин II Эл аралык театралдык фестивалы өтүп жатат.

     Азербайжандын борбору Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин колдоосу менен ТҮРКСОЙдун демөөрчүлүгү астында “Түрк дүйнөсү” студенттик спектаклдердин II Эл аралык театралдык фестивалы өтүп жатат.
    Экинчи жолу өтүп жаткан Эл аралык студенттик фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжандын искусство жана маданият университеттеринин студенттери катышууда.
Аталган фестивалга КММИУнун ректору, профессор Түмөнбай Колдошов катышып жатат.Фестивалдын алкагында ректорлор искусство жана маданият тармагындагы магистранттар үчүн гранттык келишим түзүшөт.
Ал эми Кыргыз Эл жазуучусу, КММИУнун профессору Жаныш Кулманбетов калыстар тобунун курамында, Кыргызстандын атынан калыстык кылууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан КНАДТнын алдындагы театралдык окуу жайдын студенттери, Ч.Айтматовдун повестинин негизинде коюлган «Эрте келген турналар» спектакли менен катышууда.