1-июнда КММИУда бүтүрүү кечеси болуп өттү.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, студенттер жана ата-энелер катышты.
Профессор Түмөнбай Колдошов бүтүрүүчүлөрдү “ кесиптештер” деп атоо менен бирге кең келечек каалап, окуу жайды аяктаган ар бир бүтүрүүчүгө ыраазычылык кат тапшырды.
Бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чара концерттик программа менен коштолуп, эстеликке сүрөткө түшүү аземи менен жыйынтыкталды.
Университетте:
* Искусство;
* Хореография жана маданий ишмердик;
* Кино жана телекөрсөтүү
* Театр
факультеттери бар.
Быйылкы окуу жылында жалпы 230 студент мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырышты.
Бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайбыз!