Квалификацияны жогорулатуу курстары

   Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнун квалификацияны жогорулатуу бөлүмү кесиптик көндүмдөрүн жана педагогикалык билимдерин өркүндөтүүнү каалаган окутууларды квалификацияны жогорулатуу боюнча КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген Лицензия №LE170000243 жана         Лицензия №2023-0073 1-тиркемесинин негизинде кошумча билим берүү программалары боюнча окуу курстарын жарыялайт.
   Квалификацияны жогорулатуу курстары практикалык билимиңизди өркүндөтүүгө, ошондой эле кесиптик ишмердикте иштөөнүн жаңы ыкмаларын, усулдарды үйрөнүүгө жардам берет.
   Негизги багыттары :
1. Социалдык-маданий иш-чаралар:
2. Хореография:
3. Музыкалык аткаруучулук (түрлөрү боюнча):
4. Музыка мугалими
   Сабактар 2024-жылдын октябрь айынан башталып, этап менен жыл бою жүргүзүлөт.
   Контракттык негизде. Сабактар жекече жана тайпага бөлүнүп өткөрүлөт.
   Окуу мөөнөтү: Он күндөн бир айга чейин болот.
   Окутуунун жыйынтыгы менен жогоруда аталган программалар боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө сертификат берилет (72 сааттан кем эмес).
   Квалификацияны жогорулатуу курсуна төмөндөгү документтер талап кылынат:
1. Билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү
2. Паспорттун кочүрмөсү:
3. Иштеген жеринин жетекчилигинен курска жөнөтүү тууралуу сунуш каты.
   Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун квалификацияны жогорулатуу бөлүмү кызыкдар мекеме, ишканалар менен кызматташууга даяр.
Биздин дарек: Бишкек шаары, К.Жантөшев көчөсү, 113. Байланыш телефондор: 0704041072 Маражапова Нуржан Кенжекуловна; 0555088966 Байчубакова Үмүт Кубатбековна.