3-октябрь КММИУда Даанышмандар кеңешинин студенттер менен руханий баарлашуусу болуп өттү.
Жолугушууда ректор Түмөнбай Колдошов университеттин өсүп, өнүгүүсү үчүн зор эмгек кылган ардагер окутуучуларды мугалимдер жана карылар күнү менен куттуктап, көп жылдык үзүрлүү эмгектендерге Ардак грамоталарды тапшырды.
Андан соң атайын даярдалган концерттик программа көрсөтүлдү. Мындан сырткары окутуучулар өздөрү ыр окуп, чыгармаларын аткарып беришти.
Даанышмандар кеңешинин ар бир мүчөсүнө студенттер тарабынан ар кандай суроолор берилип, бааралашуу жогорку маанайда жыйынтыкталды.
Ошондой эле окуу жайдын профсоюз уюму тарабынан дасторкон даярдалып,кеңештин мүчөлөрү сыйланды.