4-октябрда Б.Бейшеналиева атындагы КММИУга Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков келип, окуу жайдын жамааты менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин ректору Түмөнбай Колдошов эл өкүлүн окуу жайдын базасы менен тааныштырып чыкты.
Жыйында алгач КММИУну таанытуу презентациясы көрсөтүлүп, буга чейин жасалган иштер, алдыдагы пландар жана муктаждыктар талкууланды.
Депутат Чыңгыз Айдарбеков жамааттын ой-пикирлерин угуп, аталган маселелерди фракциянын жыйынында көтөрүү зарылдыгын айтып, чечүүч жолдорун карай тургандыгын кошумчалады.