14-октябрда КММИУда Жалпы фортепиано кафедрасы тарабынан СССРдин эл артисти, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун 1983-1986-жылдары жетектеген, композитор, дирижёр Калый Молдобасановдун 95 жылдык мааракесине карата “Фортепиано үчүн 24 пьеса” аталышындагы концерт болуп өттү.
Анда 24 студент Молдобасановдун “Фортепиано үчүн 24 пьеса” китебиндеги чыгармаларын бирден аткарышты.
Окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов сөз сүйлөп, Молдобасановдун өмүр жолу ар бир чыгармачыл адам үчүн үлгү жана өрнөк экендигин айтып, ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле аталган кафедранын башчысы
Мариям Көрпөбаева өз сөзүндө студенттер ар кайсы факультеттен чогулгандыгын, музыканы сүйүп өздөрүнүн каалоосу менен ушул программа даярдалгандыгын кошумчалады.
Аталган концерттик программа КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлмира Жакиева жана улук окутуучу Бибигүл Искенованын жетектөөсүндө даярдалып, көрсөтүлдү.