КММИУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

   2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүн утурлай КММИУнун бир катар окутуучулары сыйланды.
   «Түрксой» эл аралык уюмунун атайын медалы менен театр факультетинин деканы Сайрагүл Эсенбаева жана искусство факультетинин музыкалык теориялар кафедрасынын окуутуучусу Мурзали Жээнбаев сыйланды.
   Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен искусство факультетинин музыкалык билим берүү кафедрасынын окутуучусу Гүлмира Казакова жана хореография жана маданий ишмердик факультетинин хореография кафедрасынын улук окутуучусу Замира Маженова сыйланып, музыкалык билим берүү кафедрасынын башчысы Асылбек Арстанбек уулуна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин Ардак грамотасы ыйгарылды.
   Ошондой эле КММИУнун дене тарбия окутуучулары Асилбек Маматкулов менен Орозбек Алсеитовго КР дене тарбия жана спортунун отличниги берилди.
   Сыйлыктарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тапшырып, окутуучулар жамаатынын алдыдагы майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
   Мындан сырткары Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин ыраазылык катын кино жана телеберүү факультетинин окутуучусу Тургунбек Маматюсупов менен социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Нуржан Иманкулова алды.
   Төраганын ыраазылык катын окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов тапшырып, аталган сыйлыктар жалпы жамааттын ийгилиги экендигин, мындан ары дагы талыкпай иштеп, дагы да жогорку сыйлыктарга жетүү зарылдыгын кошумчалады.

изображения не найдены