ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНДЕ БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ШАЙЛОО БОЛДУ

   29-октябрда КММИУда Окумуштуулар кеңешинде бош кызмат орундарына шайлоо болду.
   Жыйындын алгачкы бөлүгүндө талапкерлер өздөрүн тааныштырып, жасаган иштери боюнча отчётторун тапшырды. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
   Андан соң жашыруунун добуш берүүнүн негизинде КММИнун профессорунун милдетин аткаруучу кызматына искусство илимдеринин кандидаты, доцент, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Чолпон    Турумбаева менен филология илимдеринин кандидаты, доцент магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Нуржан Маражапова, КММИнун доценттинин милдетин аткаруучу кызматына КР эл жазуучусу, магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн окутуучусу Кайрат Иманалиев, искусство факультетинин салттык музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу Бек Алагушев, кино жана телеберүү факультетинин окутуучусу Сакыбек Карабаев, улук окутуучу кызматына Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Улукбек Омокеев жана окуу бөлүм башчысы Жаңыл Алманбет кызы шайланышты.