Аталган иш-чара Түркиянын Чанаккале шаарындагы Чанаккале он сегизинчи март университетинин базасында өтүүдө.
“ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму башында турган Түрк дүйнөсүндөгү искусство университеттеринин биримдигине Түркиянын Чанаккале он сегизинчи март жана Түндүк Кипр өлкөсүнүн Аркын чыгармачылык искусство жана дизайн университеттери мүчө болушту.
Жолугушууда күн тартибиндеги маселелер талкууланып, алдыда биргеликте ишке ашыруучу максаттар боюнча пикир алышуу болду.
Жыйынтыгында биримдиктин логосу бекитилди.