Абитуриент

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы  Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети 2025-2026-окуу жылына төмөнкү
адистиктер боюнча абитуриенттерди күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө
кабыл алууну жарыялайт.

 

ЭЛДИК МУЗЫКА ФАКУЛЬТЕТИ

Хор дирижеру, педагог: Музыкага шыктуулугун жана  ырдоо  жөндөмүн текшерүү, коллоквиум;

Оркестр дирижеру, педагог: Музыкалык жөндөмүн текшерүү, музыкалык аспапта ойноо, коллоквиум;

Фольклордук-этнографиялык ансамблдин солисти, педагог: кыргыз элдик аспаптарда ойноо, ырдоо, эпос, дастан жана айтыштардан үзүндү аткаруу ж.б.;

ЭСТРАДА ЖАНА МУЗЫКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТИ

Эстрадалык оркестрдин жетекчиси, педагог: Музыкага шыктуулугун, жөндөмүн текшерүү жана музыкалык аспапта ойноо;

Эстрадалык ансамблдин жетекчиси, солист-педагог: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү. (Түрдүү жанрдагы эки-үч ыр аткаруу кыргыз, орус, англис тилинде);

Музыка мугалими: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү.

Атайын орто музыкалык билими бар:  хор дирижеру, оркестр дирижеру, фольклордук-этнографиялык ансамблдин солисти, музыка  мугалими, эстрадалык оркестрдин жетекчиси, эстрадалык  ансамблдин солисти бөлүмүнө кирүүчүлөр,   дирижёрлук кылуу, музыка теориясы жана сольфеджио боюнча сынактарды тапшырышат.

КИНО ЖАНА ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ ФАКУЛЬТЕТИ

Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссёру, педагог: сценарий жазуу, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү; коллоквиум

Кино жана телекөрсөтүү оператору, педагог: фото-сүрөттөр боюнча конкурс; фоторепортаж, физика жана химия боюнча ангемелешүү аркылуу билимин текшерүү.

Үн режиссёру, педагог: (Кино ж-а ТВ ) адистиги боюнча коллоквиум, музыкалык жөндөмдүүлүгүн текшерүү; физика боюнча ангемелешүү;

Кино актеру, педагог: үнүн жана сүйлөө чеберчилигин текшерүү, адабий чыгармалардан үзүндү окуу, музыкалык-ритмикалык шыктуулугун текшерүү;

Оюндук-кино жана телефильмдин режиссёру, педагог: сценарий жазуу, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү; коллоквиум

Кино таануучу педагог: пьесага анализ жүргүзүү жана сын пикир, коллоквиум.

Адабий чыгармачылык (киносценарист), педагог: пьесага анализ жүргүзүү, коллоквиум.

ХОРЕОГРАФИЯ ЖАНА МАДАНИЙ ИШМЕРДИК ФАКУЛЬТЕТИ

Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери: социалдык-маданий ишти уюштуруу (жазуу түрүндө), адистиги боюнча коллоквиум (оозеки);

Хореографиялык коллективинин менеджери, педагог: аткаруучулук чеберчилик (классикалык, элдик-сахналык, тарыхый-турмуш бийлери), коллоквиум;

Хореография педагогу.

Музей иши жана эстеликтерди коргоо.

ТЕАТР ФАКУЛЬТЕТИ

Драма актеру, педагог: үнүн жана сүйлөө чеберчилигин текшерүү, адабий чыгармалардан үзүндү окуу, музыкалык-ритмикалык шыктуулугун текшерүү;

Драмалык режиссер, педагог: практикалык режиссура, пьесага талдоо жүргүзүү, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү;

Театр таануучу, педагог: пьесага анализ жүргүзүү, коллоквиум.

АСПИРАНТУРА

Музыкалык искусство;

Маданияттын тарыхы жана теориясы;

 

МАГИСТРАТУРА

Көркөм билим берүү:

Музыкалык билим берүү;

Театралдык искусство:

Актердук искусство жана режиссура;

Театр таануу жана драматургия;

Музыкалык искусство:

Музыкалык-аспаптык искусство;

Этномузыка таануу;

Вокалдык искусство;

           Бардык абитуриенттер адистиги боюнча сынактардан сырткары кыргыз же орус тилинен  бланкалык тест тапшырышат.

            Университетке тапшыруучу  абитуриенттерден  жалпы  республикалык  тесттин сертификаты  ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ.

           Абитуриенттер мамлекеттик бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.

           Алыс жактан келген студенттер жатакана менен камсыздалат.

        Документтер 2025-ж. 7-июлдан 31-июлга чейин кабыл алынат, кирүү  экзамендери  2025- ж. 1-августта башталат. (КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдашуусу менен).

 

Талап кылынуучу  документтер:

  1. Орто же атайын орто билими жөнүндө аттестат же диплом  (түп нускасы);
  2. Медициналык справка (0-86 У формасы);
  3. 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  4. Паспорт, аскердик китепче  же каттоо күбөлүгүн  көрсөтөт;
  5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү

     (эмгек стажы барлар үчүн).

Дареги:  Бишкек ш.,  Жантөшев көчөсү 113.

Тел: 0312 57-03-79,WhatsApp +(996)504 199 144

Instagram: @ kguki_kg

www.kguki.kg  e-mail: kgukiart@mail.ru