Бүгүн, 9-апрелде ББ.Бейшеналиева атындагы КММИУКУМИУга СССРдин эл артисти, балет артисти, бийчи Айсулуу Токомбаева келип, хореография жана маданий ишмердик факультетинин студенттери менен жолугушту.
Балет өнөрүнүн чолпон жылдызынан айланган Айсулуу Токомбаева өзүнүн басып өткөн жолу, унутулгус көз ирмемдери, чыгармачыл адамдын тагдыры, жашоосу, ийгиликтери жөнүндө айтып, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди. Ошондой эле келечектин Бүбүсарасы, Чолпонбеги, Айсулуусу боло турган студенттерге ийгиликтерди каалады.
Аталган жолугушуу хореография жана маданий ишмердик факультетинин хореография кафедрасы тарабынан уюштурулду.