Бишкек шаарында 15-18-апрель күндөрү “Жаңы ысымдар” Х эл аралык студенттик театр фестивалы өтүп, жыйынтыкталды.
Салтанаттуу иш-чара Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, маданият өкүлдөрү, маданият жана театр ишмерлери, фестивалдын катышуучулары катышты.
Жыйынтыгында Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун “Кандуу той” спектакли баш байгеге, Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институту “Маанилер эшиги” жана Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун 5-курсунун студенттери “Алдар Көсө” спектаклдери 1-орунга, Т.Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясы “Кыз-Жибек” жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Бөрүнүн тилеги” спектакли 2-орунга, Орусиянын ГИТИС окуу жайы “Карышкырлар жана койлор” жана Азербайжан маданият жана искусство университети “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” спектакли 3-орунга ээ болушту.
Ошондой эле студенттер төмөнкү номинацияларга ээ болушту:
Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн:
Хайролла Аймагамет — Т.Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясы.
Аялзатынын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн:
Рахима Иманова — Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайы;
Ольга Сябренко- Орусия театралдык искусство институту (ГИТИС).
Эң мыкты театр сыны:
Жаңылай Эгембердиева — Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Айдана Келдибекова — Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Мээрим Курбанбекова — Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Тойбек Жетписбаев — Т.Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясы;
Дарья Гордиенко — Т.Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясы.
Эң мыкты драматургия:
Ксения Бирюкова — Екатеринбург мамлекеттик театралдык институту;
Таласбай Лаззат Ганикызы — Т.Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясы;
Элнура Шабырбекова — Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Диана Жумабекова — Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Самара Кадыркулова — Кыргыз-Түрк “Манас” университети.
Мыкты дебют:
“Доктор Фаустун трагедиялуу окуясы”-Түркиядагы Мимар Синан атындагы искусство окуу жайы;
“Асфальт үстүндөгү дарыя” — Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын алдындагы театралдык студиясы.
Экинчи пландагы эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн:
Ренат Абдыкеримов- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайы;
Искандар Омонов — Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институту.
Экинчи пландагы аялзатынын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн:
Жумаида Пайзилдаева- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайы;
Жаңылай Темиркул кызы- Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУ.
Мыкты эксперименти үчүн:
Эльвира Караева- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу.
Чыгармачыл жаштардын устаты:
Чыңгыз Замирбек уулу- Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун окутуучусу.
Мыкты көркөм окуу сынагына катышкан төмөнкү студенттерге Советбек Жумадылов атындагы сыйлык ыйгарылды:
Елизабетта Польшина — Орусиянын театралдык искусство институту (ГИТИС);
Өскөнбай Касымбек уулу- Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУ;
Мирас Талгатбек- Т.Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясы;
Таттыбүбү Андабекова — Т.Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайы;
Аделя Орозбаева — Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУ;
Мадина Аюбова — Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институтунун студенти;
Эмиль Гамидов — Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университети.