КУМИУнун студенти эл аралык сынакта 3-орунга ээ болду

     Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун Элдик Музыка факульетинин Фольклор кафедрасынын 4-курсунун студенти Айдай Дюшеева Орусиянын Башкортостан Республикасында өткөн этнофестивалга катышты.
Жыйынтыгында Роберт Загретдинов атындагы ооз комуз багыты боюнча эл аралык конкурска катышып 3-орунду багындырып келди.
Аталган эл аралык этнофестиваль 10 жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага Башкорстан, Якутия, Татарстан, Алтай мамлекеттеринен дагы өнөрпоздор катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *