АКТЁРЛУККА ЖОЛ АУДИТОРИЯДАН БАШТАЛАТ

     Театр факультетинин драма актерлугу адистигинин 1-курсунун студенттери актердук чеберчилик боюнча алгачкы сынакты тапшырышты.
Студенттер сынактын 1-бөлүгүндө жаныбарларды туурап, этюддарды аткарышты, ал эми 2-бөлүгүндө чыгармалардан үзүндү ойношту.
“Студенттер жаныбарлардын кыймыл-аракетин жана үндөрүн тууроо менен актердук чеберчиликке болгон алгачкы көндүмдөрүн калыптандырышат, чыгармалардан үзүндү аткарып, сахна менен, көрүүчү менен иштөөнү үйрөнүшөт. Келечектеги актерлор ар бир кыймылдын максат-маанисин, сөздүн күчүн жана жаратылыш кубулуштарын жан дүйнөсү, бүткүл денеси менен сезүүсү керек. Бара-бара тапшырмалар татаалдашып турат”, – деди курстун жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов.
Сынакка окуу жай жетекчиси Т.Колдошов, проректорлор, окутуучулар жана студенттер катышты.