Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун искусство факультетинин эстрада кафедрасы «Алтынчы күнү кечинде» аталышындагы мюзикл уюштурушту!
Аталган бөлүмдүн окутуучусу, кеченин уюштуруучусу Алтынай Чернышеванын айтуусунда бул мюзикл джаз, вокал жана актёрдук чеберчилик сабактарынын отчёттук концерти.
Бул кечеде кыргыз чыгармаларынан тартып, дүйнөлүк ырчылар Рэй Чарлз, Мерлин Монро, Стиви Уандердин ырлары аткарылды.
Ал эми койгон режиссёр, окутуучу: Нурсаид уулу Байыш