Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУ “Музыкалык искусство”, “Маданияттын тарыхы жана теориясы” адистиктери боюнча аспирантурага кабыл алууну жарыялайт.
Сынактар кыргыз тили жана философия предметтеринен 17.10. 2024 — 23.10. 2024-жылы өткөрүлөт.
— Аспирантурага кабыл алуу жөнүндөгү арыз КММИУнун ректорунун наамына төмөндөгү документтерди тиркөө менен берилет:
— өздүк баракча;
— өмүр баян;
— мүнөздөмө – жолдомо;
— сүрөт 3х4 – 3даана;
— ЖОЖду бүтүргөндүгү тууралуу дипломдун көчүрмөсү, (тиркемеси менен, нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
— илимий изилдөө иштеринин отчётторунун жана жарыяланган иштеринин тизмеси. Жарыяланган иштери жоктор, тандаган кесиби боюнча илимий реферат көрсөтүүгө тийиш;
— эмгек баракчасынын көчүрмөсү;
— илимий жетекчисинин макулдугу жана кафедра отурумунун протоколунун көчүрмөсү;
— паспорту жана ЖОЖду бүтүргөндүгү тууралуу дипломдун түп нускасын тапшыруучу өзү көрсөтүүгө тийиш;
— бардык иш кагаздар пластикалык дискте берилет.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 15–сентябрынан – 15-октябрына чейин жүргүзүлөт.
Биздин дарек: Бишкек шаары, К.Жантөшев көчөсү 113,
Байланыш телефондор: 51- 08-36, Маражапова Нуржан Кенжекуловна 0704041072