КММИУда 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган «Жоокерден кат» аталышындагы концерт болуп өттү.
Аталган концерт искусство факультети тарабынан даярдалып, ага факультеттин окутуучу айымдары жана студент кыздары катышты.
Анда төкмө акындар төгүп, жалаң кыздардан түзүлгөн оркестр ойноп, окутуучулар чыгармаларды аткарышты.

