Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда алгачкы жолу Илим күнүнө карата “Юнеско” Бириккен Улуттар Уюмунун “Айгине” маданий-илимий борборунун колдоосунун негизинде “Коңур үндүүлүк” аталышындагы илимий долбоордун отчёттук концерти болуп өттү.
Иш-чарада университеттин “Алтын нур” ансамбли концерттик программа тартуулап, андан соң белгилүү комузчу, аталган долбоордун окутуучусу, 4 кылдуу уникалдуу комуздун автору Рысбек Жунушев шакирттери менен биргеликте 4 кылдуу комузда чыгармаларды аткарды. Ошондой эле илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректор жана аталган долбоордун жетекчиси Чолпон Мукашева 3 кылдуу кыл кыякты көрсөтүп, ага тагылган кылдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Учурда “Алтын нур” ансамблинде 3 кылдуу кыл кыяк менен 4 кылдуу комуз ойнолууда.
Концерттик программанын соңунда ректор Түмөнбай Колдошов жана музыка багытындагы окутуучулар өз пикирлерин айтышып, илимий долбоорго ийгиликтерди каалашты.
Кечени искусство факультетинин деканы Созул Казиева алып барды.