Бүгүн, 15-ноябрда Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун окуу корпусун 2025-жылдын бюджетине киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдабековдун демилгеси менен “Альянс” партиясынын депуттарынын көчмө жыйыны болуп өттү.
Жыйынга депуттар Жанарбек Акаев
Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова,
Азамат Исираилов, Гулкан Молдобекова
Жумабек Салымбеков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров, Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов жана окуу жайдын окутуучулук курамы катышты.
Алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов окуу жайдын кыскача тарыхына токтолуп өттү. Андан соң ректор Түмөнбай Колдошов буга чейин жасалган иштер, окуу жайдагы өзгөрүлөр жана муктаждыктар тууралуу презентация жасады.
Андаң соң окуу жайга жаңы корпус салуу, улуттук макам ыйгаруу, кызматкерлердин айлык-акысын көтөрүү боюнча маселелер талкууланды.
Белгилей кетсек, буга чейин эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков келип, окуу жайдын абалы менен таанышып кеткен, андан соң коммитеттик жыйында дагы бул боюнча токтолгон.