«Жаштар жана коопсуздук» аталышындагы тегерек стол уюштурулду

   Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-декабрындагы № 322-тескемеси менен бекитилген 2021-2025-жылдарга иш-чаралар планын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын концепциясынын алкагында 2024-жылдын 19-мартынан баштап 19-апрелине чейин жаштардын радикализм, экстремизм жоруктарын жана кылмыштарды жасоосун алдын алуу боюнча «Жаштар жана коопсуздук» деген аталышта бир айлык акция жарыялаган.
    Бүгүн, 4-апрелде, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун студенттерине Жаштардын радикализм, экстремизм жоруктарын жана кылмыштарды жасоосун алдын алуу максатында «Жаштар жана коопсуздук» аталышындагы тегерек стол уюштурулду.
   Иш чаранын коногу медиа эксперт, медиа тренер: Марат Токоев;
Марат Токоев » Медиа жана санариптик сабаттуулук/коопсуздук» деген темада презентация жасап, интернетти, социалдык тармактарды колдонууда эмнелерди билүү зарыл, жеке коопсуздукту кантип камсыздаш керектиги тууралуу маалымат берип, студенттер кызыккан суроолорго жооп берди.