Жогорку адабий курстун таанытымы өттү

 Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун алдында ачылган 2 жылдык Жогорку адабий курстун таанытымы болуп өттү.
     Иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары, акын-жазуучулар, коомдук жана маданий ишмерлер, журналисттер, КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошов, окуу жайдын профессордук окутуучулар жамааты, Жогорку адабий курстун угуучулары жана окутуучулары катышты.
Алгач 2 жылдык адабий курс тууралуу ролик көрсөтүлүп, андан соң угуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
         Андан соң филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева келген конокторго курсттун ачылуу максаты, келечек пландары жөнүндө айтып, кеңири тааныштырды.
  Ошондой эле Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун жана Жогорку адабий  курсунун бүтүрүүчүлөрү келишип, аталган курс учурда кыргыз адабияты үчүн аба, суудай керектигин баса белгилешип, ийгиликтерди каалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *