Казань мамлекеттик маданият институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

    Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда Казань мамлекеттик маданият институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
   Казань мамлекеттик искусство инстититунун проректору, педагогика илимдеринин кандидаты Татьяна Леонтьева, инновациялар жана элдик көркөм маданияттын салттары факультетинин деканы Расых Салахов иш сапары менен КММИУга келип кетти.
   Конокторду окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов кабыл алды. Эки тараптуу жолугушууга КММИУнун окуу иштери боюнча проректору Кубат Жакыпов, илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Чолпон Турумбаевалар катышты. Анда эки окуу жай ортосундагы билим берүү жана маданият жаатындагы кызматташууну дагы да артыруу максатында бир катар пландар талкууланды.
   Кызматташуунун алкагында жаңы окуу жылында КММИУнун кино жана телевидение факультетинин 2-курсунун студенти Казань искусство институтунда билимин улантат. Буга чейин хореография кафедрасынын студенттери Асель Чойбекова жана Майрамбеков Нурсултан аталган окуу жайда окуп келишкен.