Калыбек Түлөбердиевге “Искусство таануу” адистиги боюнча “Профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылды.

   Хореография жана маданий ишмердик факультетинин Социалдык-маданий ишмердиги кафедрасынын педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, кафедра башчысы Калыбек Түлөбердиевге “Искусство таануу” адистиги боюнча “Профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылды.
   Кыргыз искусствосунун чолпон жылдызына айланган инсандарды тарбиялап чыгарууда эмгегиңиз зор, илимий жана чыгармачылык жолуңузда мындан ары да ийгиликтерге жетишиңизди каалайбыз жана ишенебиз!