Кино жаратуучуларды жана КММИУнун кино жана телеберүү факультетинин окутуучуларын жана студенттерин кыргыз киносунун күнү менен куттуктайбыз!

   1941-жылдын 17-ноябры кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет. Бул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарган.
    Кыргыз киносунун тарыхы 1942-ж. түзүлгөн көркөм, документалдык жана анимациялык тасмаларды өндүрүүчү «Кыргызфильм» киностудиясы менен тыгыз байланышкан.
    1955-ж.- «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында «Мосфильм» киностудиясынын режиссёру В.Пронин «Салтанат» көркөм фильмин тарткан.
    1964-ж. «Кыргызфильм» киностудиясынын өз режиссеру М. Убукеев кыргыз киносундагы алгачкы кинотасма болуп эсептелген «Тайгак кечүү» толук метраждуу көркөм фильмин тартуулаган.
1960—1970-жж. «Кыргызфильмде» Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *