Конокторду окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов кабыл алды.
Билтес Дога Нишанташы университетинин өкүлү эки окуу жай ортосунда меморандум түзүү боюнча сунушун билдирип, студенттер арасында тажрыйба алмашууну дагы колго алууга мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.
Кыргызстанга болгон сапары аяктаган соң окуу жайдын жетекчилиги менен онлайн кеңешме өткөрүп, келишим түзүүгө мүмкүн экендигин билдирди
Белгилей кетсек, ноябрь айынын башында ректор Түмөнбай Колдошов Түркиянын Чанаккале Он сегиз март университети менен да келишим түзүп келген, буга чейин Анкара искусство университети менен дагы келишимге кол коюлган.