Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде квалификацияны жогорулатуу борборунда окуган студенттерге сертификаттар тапшырылды.
Аталган борборго катышкан студенттер кошумча билим берүү программалары боюнча өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн жана педагогикалык билимдерин жогорулатышты.
Алар төмөндөгү багыттар боюнча окушту:
1. Социалдык-маданий ишмердик;
2. Хореография;
3. Музыкалык аткаруучулук (түрлөрү боюнча);
4. Музыка мугалими;
5. Кинооператор жана кинорежиссер
“Заман өзгөрүп, доор алмашкан сайын, жаңы билим, жаңы көндүмдөр талап кылынат. Бүгүн саат сайын билим алууга умтулуубуз керек. Биз өлкөдөгү маданий мекемелердин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу үчүн тажрыйбабызды, күчүбүздү жумшайбыз. Ачылган борбордун алгачкы угуучулары болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм. Сиздер менен ар дайым кызматташууга кызматташууга даярдбыз деди”, – Т.Колдошов.
Белгилей кетсек, аталган борборго өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келип билим алгандар да болушту.
Квалификацияны жогорулатуу борборунда мекеме-уюмдар менен кызматташып, маданият жана искусство чөйрөсүндө билим берүү семинарларын, тренингдерди, чыгармачыл мастер-класстарды уюштурулду.
