КММИУда композиторлор союзунун 85 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

      Бүгүн, 11-декабрда КММИУда Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун 85 жылдыгына арналган “Кыргыз профессионал композитордук өнөрдүн өнүгүшүнүн бүгүнкү абалы” темасында Илимий-практикалык конференция болуп өттү.
       Конференцияга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү, композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев баштаган союздун мүчөлөрү, КР эл артисти Түгөлбай Казаков баштаган Музыка ишмерлер союзунун мүчөлөрү жана музыкалык окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулары, КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошов, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, белгилүү музыканттар, музыка изилдөөчүлөр катышты.
     Конференцияда алгач кыргыз композиторлорунун тарыхы тууралуу тасма көрсөтүлүп, акындардын куттуктоосу менен башталды. Андан соң жаңы чыккан “Кыргыз композиторлорунун маалымдамасы” аталышындагы китептин презентациясы жасалды. Андан соң композиторлор учурдагы кыргыз музыкасынын абалы, келечеги жана изилденүүсү, музыкалык окуу жайдагы программалар, илимий изилдөөлөрдүн айланасында сунуш-пикирлерин айтышып, талкуулашты.
            Андан соң иш чара концерттик программа менен коштолуп, келген конокторго КММИУнун студенттери өнөрлөрүн тартуулашты.
Экинчи бөлүктө секциялык отурум КММИУнун илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, искусство таануу илиминин кандидаты, профессор Чолпон Турумбаеванын модераторлугу астында өттү. Анда катышуучулар ар кандай темадагы докладдарын окуган соң, отурум суроо-жооп, сунуш-пикирлер менен улантылды. Жыйынтыгында конференциядагы бир нече маселе, сунуштарды эске алуу менен жалпы резолюция кабыл алынды.
            Аталган иш чара композиторлор союзу жана КММИУнун искусство факультетинин музыкалык-теориялык дисциплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *